Are You New User

Өндүрүштүк кырсык, өнбөгөн кенемте 15.06.2019

Кара-Көл шаарындагы ГЭСтерде иштеген «Кыргыз кесип суу курулуш» компаниясында бургулоочу болуп, көзүнөн ажыраган Магар Алиев аялы экөө Бишкекке чейин арызданып келип, эки жылдан бери ал ишканадан кенемте төлөтө албай убара. Эмгек инспекциясы ишканада эмгек коопсуздугу сакталбагынын аныктаган. Бирок бул компания Алиевдин өндүрүштөн жаракат алганын ырастаган Мамлекеттик эмгек инспекциясы менен социалдык коргоо органдарынын тыянагын жокко чыгарыш үчүн сотко кайрылган. «Кыргыз кесип суу курулуш» компаниясынын ээси Зайырбек Сарсеитов жумушчу өзүнүн көз оорусунан майып болгонун, ошондуктан ага кенемте төлөнбөстүгүн айтып, коюлган дооматты четке какты.

Көзүнөн ажыраган жумушчунун таржымалы

Соттук-медициналык экспертизанын 2018-жылдын 21-майындагы корутундусуна ылайык, Кара-Көл шаарындагы «Кыргыз кесип суу курулуш» компаниясында бургулоочу болуп иштеген Магар Алиев 2017-жылы 26-августта Жазы-Кечүү айылында жер астынан суу чыгаруу учурунда атылып чыккан суунун катуу басымынан улам бетине кум чачырап, сол көзү жабыркаган. Алгачкы медициналык жардамдан кийин көпкө чейин Бишкек, Москва жана Алматы шаарларында дарыланган. Бирок дарылануу натыйжа бербегендиктен 2018-жылдын апрель айында жаракат алган көзү алынып салынган. Соттук-медициналык экспертиза анын саламаттыгына оор зыян келтирилгенин аныктап, өндүрүштөн алган жаракат айтылган мөөнөткө туура келери көрсөтүлгөн. Анын негизинде Магар Алиев 1-топтогу майыптык алып, социалдык коргоо органдарынан каттоодон өткөн. Магар Алиев өзү иштеген «Кыргыз кесип суу курулуш» компаниясы дарылануусуна эч кандай жардам бербегенин айтып, жетекчилик өндүрүштөн жаракат алгандарга кенемте төлөп берүүнү өөн көрө турганын белгиледи:

Магар Алиев.
Магар Алиев.

«Мен жаракат алып, иштебей калгандан кийин эле алар менден жүзүн буруп кетишти. Адам качан ден соолукта болсо, качан иштеп турса, анда ал ишканага керек экен. Ден соолукту жоготкон соң аларга керек болбой калат турбайбызбы. Мен мындай биринчи адам эмесмин. Жыл сайын жумуш үстүндө жаракат алган 5-6 учур болот. Бирөөлөр колу-бутун сындырып алат же башка дагы бир жаракат алат. Бирок алардын дарылануусун төлөп берип, айлыгын сактап берүү деген биздин ишканада жок. Менден мурун бир жумушчу сузгучтун астында калып, жан берди. Үч баласы жетим калды. Андан кийин анын үй-бүлөсүнө эч кандай деле жардам болбоду. Эч нерсе кыла алышкан жок. Бозумчакта дагы бирөө бутун сындырып алды. Ал деле эч нерсе өндүрө албады».

Док артуунун артында кызыкчылык барбы?

Бирок Кара-Көл шаарындагы ГЭСтерди курууга жана ремонттоого ыңгайлашкан «Кыргыз кесип суу курулуш» ачык акционердик коомунун негизги акционери Зайырбек Сарсеитов компанияда машинист-бургулоочу болуп иштеген Магар Алиевдин өткөн эки жылдан бери көзү азиз болуп калганын өндүрүштүк жаракат менен байланыштырбайт. Ал аталган жумушчу жана анын жубайы компаниядан ири өлчөмдө акча өндүрүш үчүн атайын догурунуп жатат деп эсептейт.

«Анын көзү мурун эле ооруп жүргөн экен, - деди ал. - Анан эле ал бургулоо учурунда көзүнө кум кирип кеткенин айтып, жалган жерден догурунуп жатат. Ал өзү жоош киши. Анын аялы шумданып, ар кайсы жактарга арыз жазып жүрөт. Чындап өндүрүштөн жумуш учурунда жаракат алса, анда биз кенемтесин төлөп бермекпиз. Бул жерде алар жөн жерден эле догурунуп жатышат. Биз деле адамбыз да. Анан жумуштан ошондой жаракат алса, төлөбөй коёт белек? Эгерде ошондо жаракат алып, көзүнө кум кирип кетсе, эмнеге анда ошол учурда ооруканага барган эмес? Азыр анан ким ыйлап келсе эле, баарына акча төлөп бере тургандай компаниянын ашыкча акчасы жок. Каяктан таап берет? Азыр ишкана буюртма ала турган жумуштар деле азайып кеткен. Ишкананын тыйыны деле эсептелүү. Бизде беш жүздөн ашуун киши иштейт. Иш болгон жерде бирөөнүн колу сынат же буту сынат. Мына ошондой учурларда мүмкүнчүлүгүнө жараша өндүрүштүк жаракат үчүн төлөп берип эле жүрөбүз».

Анткен менен көзүнөн ажыраган жумушчу Магар Алиевдин жубайы Марина Алиева бир жарым жылдан ашуун күйөөсүнүн эмгек укугун коргоо аракетинен майнап чыгара албай келет. Анткени Эмгек кодексине ылайык жабырлануучунун өндүрүштүк жаракаты ырасталган учурда эмгеккке жарамдуулукту жоготуунун даражасына карап, анын 10 жылдык айлык акысынын кайсы бир бөлүгү төлөнүүгө тийиш.

Эшиктерди каккан эки жыл

Марина Алиева бардык текшерүүчү органдарга кайрылып, Кара-Көлдөгү ири компаниянын кожоюндарын текшерте албай жатканын айтып даттанды:

Марина Алиева.
Марина Алиева.

«Буларды азыр эч ким текшере албайт же текшергиси келбейт. Бул адам эч кимден жана эч нерседен коркпой турган аябай бай жана таасирдүү киши. Башкы прокуратурага 4 жолу, президенттик аппаратка 3 жолу кайрылдым. Эч кандай өзгөрүү боло элек. Болгону президенттик аппаратка кайрылганымдан кийин бир аз гана жылгандай болду. Ар бир документти алыш үчүн Бишкекке келебиз. Анан 3-4 айлап, кээде жарым жылга чейин эч кандай жыйынтык чыкпай жүрдүк. Ар бир келген сайын президенттик аппараттын, Финполициянын, Башкы прокуратуранын эшигин жырттык. Бул жолу Башкы прокуратурага келсек, ал жактагы Жээнбеков аттуу бир кызматкер чыгып: «Эмнеге келдиңер, силер бизди тажаттыңар!» — деп кыйкырды. Менин ачуу келип: «Биз силерге чай ичкени конокко келген жокпуз, жардам сурап келдик», — дедим».

Соттук-медициналык экспертизанын комиссиялык жыйынтыгы боюнча Магар Алиев өндүрүштүк жаракаттан 65 пайыз жумушка жарамдуулугун жоготконун аныктап, корутунду чыгарган.

Ишкердин хансарайында жашаган прокурор

Ошондон бери көзүнөн ажыраган Магар Алиевди жубайы Марина Алиева колунан жетелеп ээрчитип алып барбаган жери, какпаган эшиги калган эмес. Анткени Магар Алиев иштеген компания анын өндүрүштүк жаракат алганын тааныбай, кенемте төлөп берүү боюнча талабын четке каккан. Прокуратура баш болгон мамлекеттик органдар алардын көйгөйүнө көңүл бурбаганы арызда көрсөтүлгөн. Укук коргоочу Анара Дөөталиева жергиликтүү мамлекеттик органдар компаниянын кожоюну болгон Сарсеитовдордон көз каранды деп эсептейт.

Финполдун жергиликтүү бөлүмү да ошол кишинин имаратында турат.

«Кара-Көл шаарынын прокурору эки жылга чукул убакыттан бери буга чара көргөн жок, - дейт ал. — Анткени шаардын прокурору ошол Сарсеитовдун хан сарайында жашайт экен. Финполдун жергиликтүү бөлүмү да ошол кишинин имаратында турат. Анан ошол укук коргоо органдарынын жетекчилери Сарсеитовго чара көрүп, аны текшерип чыгышмак беле? Антип турган учурда карапайым адамдарга ким жардам бермек эле? Ошондуктан өндүрүштүк жаракат алган Алиевдин иши ордунан жылган жок. Себеби тиешелүү мамлекеттик органдар андан көз каранды. Ага каршы иш алып барып, текшере албайт».

«Кыргыз кесип суу курулуш» компаниясынын мурдагы башкы директору Ислан Сарсеитов — бул акционердик коомдун 68 пайыз үлүшүнө ээлик кылган Зайырбек Сарсеитовдун уулу. Ал 2016-жылы Жогорку Кеңештин «Кыргызстан» партиясынын тизмесинен депутат болуп келип, бирок кийин мандатын тапшырып, «Электр станциялары» мамлекеттик ишканасынын башкы директору болуп дайындалган. Бир нече ирет аталышын өзгөрткөн «Кыргыз кесип суу курулуш» компаниясы көбүнчө ГЭСтерди курууга жана оңдоп-түздөө иштерин жүргүзүүгө адистешкен.

Миллиондук тендерлерди уткан компания

Юстиция министрлигинин жана Мамлекеттик сатып алуу департаментинин базасында бул компания 2017-2018-жылдары бюджеттин 152 миллион сомдон ашуун каражатын өздөштүрүп, 8 миллион сомдон ашуун салык төккөнү көрсөтүлгөн. Ишкан жумушчу Магар Алиевтин айлык акысы болгону 2,5 миң сом деп маалымкат берген. Бирок жумушчунун өзүнүн айтымында, ал ишканадан айына 25 миң сомдон ашуун маяна алып келген.

Укук коргоочу Анара Дөөталиева ири мамлекеттик тендерлерди уткан компания жумушчунун жарыбаган кенемтесин төлөбөй жатканын белгиледи:

Анара Дөөталиева.
Анара Дөөталиева.

«Компаниянын кожоюндарынын уяты жок. Бечара адамдарды темселетпей төлөп берип коюшпайбы? Уулу депутат болду. Азыр эми «Электр станциялары» ишканасын жетектеп отурат. Бул компания толтура мамлекеттик тендерлерге катышып, утуп келген. Бир эле суу чыгарып, бургулоочу обьектидеги жумуштун акысы бир миллион сомдон ашуун экен. Анан ошондон иштеп жүрүп жаракат алган жумушчусуна болбогон бир кенемтени төлөгөндөн ичтери ооруп жатканы кызык. Тескерисинче, жаракаттын кенемтеси катары он жылдык маянанын 50 пайызын төлөбөй, «эмгекке жарамдуулуктун деңгээли боюнча туура эмес тыянак чыккан» деген негизде сотко бергени түшүнүксүз. Сот дагы жарым жылдан бери уланып жатат. Сотко берип, бирок өздөрү сотко келишпейт».

Кыргызстандагы белгилүү маалымат агенттиктеринин иликтөөсү боюнча «Кыргыз кесип суу курулуш» ачык акционердик коому 2009-2010-жылдары өлкөдөгү эң ири кирешелүү 20 ишкананын тизмесине 6-катарга киргизилген. Анткени бул ишкана ал кезде Камбар-Ата-2 ГЭСин куруу сыяктуу ири долбоорлорго катышып, башка ГЭСтерди оңдоп-түздөө боюнча тендерлерди утуп келген.

Таасирин тастыктабаган олигарх

Негизги акционер Зайырбек Сарсеитов анын Кара-Көлдөгү жана Бишкектеги укук коргоо органдарына карата таасири тууралуу дооматты четке кагып, бирок прокурор менен Финпол анын кызына жазылган имаратта ижарада турарын ырастады:

Алар биздин имараттарды ижарага алса эле бизден көз каранды болуп калмак беле?

«Биз азыр эч кандай тендерлерди деле утуп, кыйратып жаткан жерибиз жок. Бизге ГЭСтердин курулушу башталса анан жумуш болот. Азыр ГЭСтер курулбай эле турбайбы. Мен салык төлөгөндөн качпайм. Өткөн айда эле 12 миллион сом салык төлөдүк. Анан укук коргоо органдары менден эмнеге коркушсун? Мен мыйзам бузсам, алар чуркап эле келишмек. Мени эле эмес, тигил Атамбаевге да асылып жатышат. Алар айыбыңды кармап калышса, азыр эч кимди аяшпайт. Кара-Көл шаарында кызымдын үйү бар. Ал өзү Бишкекке кетип калган. Шаардын прокурору ошол үйдө турат. Ал үйдүн акысын төлөп, анан жашап жатат. Мурун ал үйдө милициянын башчысы турчу эле. Ал кеткенден кийин прокурор көчүп келип жашап жатат. Финполдон деле ошентип, башка бир имаратты өздөрү сурап келишкен. Ошондуктан бош турган имаратты аларга ижарага бергенбиз. Эмне, биздин ижарага бергенге акыбыз жокпу? Алар биздин имараттарды ижарага алса эле бизден көз каранды болуп калмак беле?»

Эмгек инспекциясынын тыянагы

Ошол эле кезде Эмгекти коргоо боюнча мамлекеттик инспекция жабырлануучунун арызынын негизинде ал иштеген жерде иликтөө иштерин жүргүзүп тыянак чыгарган. Анын негизинде жумушчунун өзүнүн жана аны жалдаган ишкананын эмгек коопсуздугун сактабаган учурлары катталган. Ошого байланыштуу «бургулоочу Магар Алиевдин жаракаты өндүрүшкө байланыштуу» деген тыянак чыккан. Инспекциянын өкүлү Чолпонбек Мадияров чыккан тыянактын жыйынтыгына эми сот гана чекит коё турганын билдирди:

«Биз биринчи топтогу майып Магар Алиевдин эмгекке жарамдуулугун жоготконун элүү пайыз деп чектеп, тыянак чыгарып бергенбиз. Биздин инспекторлор иликтеп чыгып, ал жумуш учурунда көз айнек колдонбогонун аныктап чыккан. Себеби 2012-жылы бир жолу көз айнек берилген экен. Ошондон бери көз айнек сыяктуу коопсуздук формалары берилген эмес экен. Ошондуктан биз анын жаракатын өндүрүшкө байланыштуу деп таптык. Азыр эми бул боюнча Бишкек район аралык сотунда иш каралып жатат. Буга эми сот гана чекит коёт».

Эмгекти коргоо боюнча мамлекеттик инспекциянын маалыматы боюнча кийинки жылдары жумуш берүүчүлөр жумушчулардын эмгек укуктарын бузган учурлар көбөйгөн. Айрыкча алар өндүрүштөн алган жаракатты тааныбай, кенемте төлөөдөн баш тарткан учурлар катталган. Буга байланыштуу талаш-тартыштар сотко чейин жетип, жабырлануучулар бир нече жылдап кенемтесин өндүрө албай жүргөн фактылар бар экени белгилүү болду.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.


Источник: “https://www.azattyk.org/a/kyrgyzstan-work-rights/29995791.html”

Последнее от

Другие материалы в этой категории:

Проишествия

Редакция